Биз менен байланышыңыз

АКШда зоопарктагы үч илбирс COVID-19дан өлүп калды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2021 | 1004 | 0
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

АКШнын Небраска штатындагы Линкольн балдар зоопаркындагы үч илбирс COVID-19 менен ооруп, өлүп калды. Бул тууралуу зоопарктын маалымат кызматы «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Коомчулукка терең кайгыруу менен билдиребиз, биздин Линкольн балдар зоопаркыбыздагы үч илбирс COVID-19дан өлүп калды. Биздин үч илбирс: Ранни, Эверест, Макалуну баарыбыз жакшы көрчү элек», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары алар 2 суматран жолборсу да бул оору менен ооруп, айыгып чыкканын жазышкан.

Буга байланыштуу Линкольн балдар зоопаркы коронавирустан сактануу чараларын күчөтөрүн, Американын зоопарк ветеринарлары бирикмеси (AAZV) менен биргеликте коопсуздук эрежелерин иликтөө улантыларын билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM