Connect with us

Дагы 3 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 14 Ноя 2021 | 2948 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы дагы үч талапкер шайлоого катышуудан баш тартканын кабарлады.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттыгына №32 Кочкор шайлоо округунан талапкер Азамат Мелисов, №25 Аламүдүн шайлоо округунан талапкер Эмил Чакибаев, «Аруузат – Эл Куту» партиясынан талапкер Жыргал Исмаилова тизмеден чыгуу боюнча арыз жазган.

Маселе БШКнын отурумунда каралып, арыздарды канааттандыруу чечими кабыл алынган.

№32 Кочкор шайлоо округунан талапкерлигин койгон Азамат Мелисов 1989-жылы Кочкор районунда туулган. «Оргтехстрой» компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү. Айрым маалымат булактарында мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин аяш уулу экени айтылып келет.

Ал эми Эмил Чакибаев 1982-жылы туулган. Буга чейин Аламүдүн районунда акимдин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

«Аруузат – Эл Куту» партиясынан талапкер болгон Жыргал Исмаилова И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда кафедра башчысы болуп эмгектенип келген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM