Connect with us

«Алматы — Ысык-Көл» унаа жолун тезирээк бүткөрүү маселеси каралды

Кыска кабар | 14 Ноя 2021 | 383 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Лао-Арайя Канопкан менен жолугушту.

Кездешүүдө алар «Алматы — Ысык-Көл» кан жолун мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында бүткөрүү жолдорун, жол ачылгандан кийинки өлкөгө бере турган каржылык, экономикалык жана башка пайдасын талкуулашты.

Азиз Аалиев бул жолду салуунун маанилүү экенин баса белгилеп, долбоорду ишке ашырууга көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирди.

«Алматы шаары менен Ысык-Көл облусун түз байланыштырган бул жол ачылса, убакытты үнөмдөөп, ич ара катташууларды жеңилдетет. Жаңы жол аймактын аймактын экономикасын өстүрүүгө өбөлгө түзүп, туристтердин агымын көбөйтөт, инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет», — деп айтылат Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM