Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 103 бейтап айыгып, 2 адам каза тапты

Кыска кабар | 14 Ноя 2021 | 259 | 0

Акыркы суткада 74 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталганын COVID-19 боюнча республикалык штабдын 14-ноябрга карата берген маалыматында айтылды.

Булардын 47си Бишкек шаарынан, бирөө Ош шаарынан, экөө Чүй облусунан, алтоо Ош облусунан, төртөө Нарын облусунан, 8и Ысык-Көл облусунан, бирөө Жалал-Абад облусунан, бешөө Баткен облусунан катталган.

Ошол эле учурда 103 бейтап илдеттен сакайып чыкса, эмдөө албаган 2 адам көз жумган.

Учурда стационарларда 564 бейтап, амбулатордук түрдө 721 бейтап дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 182 миң 341 адам COVID-19 жугузуп алган. Мунун ичинен 176 миң 824 адам ооруну жеңип чыкса, 2 миң 704 адам ушул илдеттен каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM