Биз менен байланышыңыз

Эшатов: Айрым май куюучу жайларда дизель түгөнүп калган

Кыска кабар | 12 Ноя 2021 | 288 | 0

Социалдык тармактарда жана айрым маалымат сайттарында Бишкек шаарында, Чүй облусунда күйүүчү майга чектөө киргизилип, май куюучу жайлар АИ-92 бензини 1000 сомго чейинки өлчөмдө гана куюп берип жатканы боюнча кабар тараган. Биз бул маалыматты тактоо үчүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрөгасы Канат Эшатовго кайрылдык.

Ал айрым май куюучу жайларда дизель чындап эле түгөнүп калганын, бирок бензинге атайын чектөө коюлбаганын, болгону идишке куюп берүүгө гана тыюу салынганын маалымдады.

«Жакын арада Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы өсөт. Бүгүнкү күндө Орусиядан бизге берилген дүң бааларды карай турган болсок, Кыргызстандагы дизель 12,3 сом, ал эми бензин 7,5 сомго кымбат болушу керек», — деди Эшатов.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга жылына 1 млн 300 миң тоннанын тегерегинде күйүүчү май керектелет. Мунун 80%ы Орусиядан импорттолот.

Шераалы Бекташ 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM