Биз менен байланышыңыз

БУУ Орхан Инандынын уурдалышы боюнча кыргыз бийлигин айыптады

Кыска кабар | 12 Ноя 2021 | 421 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноолорго каршы күрөшүү комитети «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандынын уурдалышы боюнча Кыргызстандын бийлигин сынга алды. Бул тууралуу «Азаттыктын» орус кызматы жазды.

Айта кетсек, БУУнун кыйноолорго каршы күрөшүү комитетинин 10-ноябрда өткөн жыйынында Кыргызстандын да отчёту окулган. Отчёттун соңунда комитет Кыргызстанды айыптап, атайын билдирүү тараткан.

«Кыргызстан БУУнун кыйноолорго, адилетсиз, кадыр-баркты басмырлаган мамилеге, катаал жазалоого каршы конвенциясындагы 3-берененин талаптарын аткарган жок. Конвенциянын эрежесинде «Эгер жарандын зомбулукка кабылуу ыктымалы бар болсо, мамлекет аны өз өлкөсүнө кууп жибербейт» деп жазылган. Ошол эле учурда Орхан Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстан жетиштүү иликтөө жүргүзгөн эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Андан тышкары өзбек журналист Бобомурод Абдуллаевди жана казак активисти Муратбек Тунгышбаевди да өз өлкөсүнө өткөрүп берип салганын айтышып, Кыргызстан качкындарга башпаанек бергендин ордуна зордукчулардын колуна салып берген өлкөгө айланып баратканын эскертишкен.

Эске салсак, ушул жылдын 31-майынан 1-июнуна караган түнү «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыны белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Бир айдан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Министрлер кабинетинин жыйынында сөз сүйлөп жатып, Инандыны Улуттук чалгындоо кызматы кармап, Түркияга алып келишкенин жар салып, кыйноого кабылган абалдагы видеосун элге көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM