Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик мекемелерди реформалоо натыйжалуу жүрүп жатабы?

Саясат | 12 Ноя 2021 | 1421 | 0

Акылбек Жапаров «Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгенине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомго кол койду. Ага ылайык, бир министрлик эки министрликке ажырап, мурда жоюлган дагы бир министрлик кайра кошулуп, айрым мекемелердин аты өзгөртүлдү. Буга чейин жүргүзүлгөн ирилештирүү саясатына ылайык бир канча министрлик бириктирилип, айрымдары жоюлса, кийин жаңы Башмыйзамга негизделип түзүлгөн Акылбек Жапаровдун өкмөтү менен министрликтер кайрадан ажыратылып, айрымдары жоюлуп, айрым жаңы министрликтер түзүлгөн. Мындай өзгөрүүлөр башаламандыкты алып келгенин айрым мамлекеттик кызматкерлер айтып чыгышкан. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Аткаруу бийлигинин жана мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштырууну максат кылып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-ноябрда «Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 13-беренесинин жана 17-беренесинин негизинде токтом кабыл алды. Ага ылайык, Инвестициялар министрлиги жоюлуп, анын милдети Экономика жана коммерция министрлигине өткөрүлдү. Мындан сырткары 64 мекеменин аты өзгөртүлдү. Ошол эле учурда Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаменти Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, ал эми Туризм департаменти Каржы министрлигинен алынып, кайрадан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өттү.

Президенттин администрациясынын маалыматтык талдоо жана камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков жаңы түзүмдүк өзгөртүүлөр президенттин ушул жылдын 12-октябрындагы № 425 «Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жана Президенттин администрациясынын түзүмү жөнүндө» жарлыгына ылайык келтирүү максатында ишке ашырылып жатканын билдирди.

«Министрликтердин баары буга чейин эле түзүлгөн, азыр президенттин жарылыгына ылайык келтирүү үчүн токтом кабыл алынды. Ошондой эле министрликтердин астында кээ бир мамлекеттик органдардын аттары алмашып, мыйзамга ылайыкташтырылды. Акылбек Жапаров жаңы кызматка келип жатканда эле Инвестиция министрлиги жок  болчу. Ошондо «Алар кайсы министрликке карайт?» деген суроо жаралган. Азыр Экономика жана коммерция министрлигинин астына киргизилди. Бул эми өз алдынча министрлик болбойт. Ошондой эле 63 мекеменин аты өзгөртүлүп, кайсы министрликке баш ийе турганы аныкталды. Азыр ошол мыйзамга туура келтирүү үчүн атайын документ кабыл алынды».

Адам укугунун жана эркиндигинин корголушун, мыйзамдардын аткарылышын, мамлекеттин ички жана тышкы ишмердигин уюштуруп турган орган — бул аткаруу бийлиги. Аны Өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, агенттиктер, административдик мекемелер жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар түзөт.

Өкмөт 11-ноябрда кол койгон токтом — сөзсүз кабыл алынышы зарыл болгон иштердин бири. Бирок мамлекеттик мекемелерди кайра уюштуруу шашылыш болбошу керек эле. Негизи эле башталышы туура эмес болгондуктан, кайра-кайра түзүлүүдө деп эсептейт саясат таануучу Эмил Жороев.  

«Жыл башынан бери болуп келе жаткан бир чети башаламан, бир чети шашылыш өзгөрүүлөрдүн кесепетинен көптөгөн мекемелер жана мамлекеттик органдар кимдин кимге баш ийери, кайсы маселеге ким жооп бере турганы, кимиси кандай көлөмдө иш алып барышы керектиги боюнча суроолорго ачык жооптор жок болуп калган. Кечээги токтомду ошолорду иретке келтирип, функциясын аныктап, жигердүү иштөөсү үчүн кайра уюштуруунун бир кадамы катары карасак болот. Мындай нерселер башынан такыр башкача болушу керек эле. Мындай кайра тизмектөө шашылыш жасалбашы керек болчу. Биз баарыбыз кабатырланган биринчи кадам тээ февралда болду. Шайлоодон кийин президент: «Оптимизация кылабыз, үнөмдөйбүз. Өкмөттүн 22 мүчөсүнүн 16сы калат», — деген. Бул анализделбеген, шашылыш кабыл алынган чечим болгон. Менин оюмча, ошол убакта чечимди убактылуу кабыл алып жатышканын президент баш болуп түшүнгөн. Ошону акырындап калыпка салат деген күтүүлөр болгон, бирок «скелет» өзү туура эмес болгондуктан, ал күүсүнө келбей эле, кайра-кайра реорганизация болду. Биринчи кадам туура эмес болгондуктан, кийинки кадамдар да айла жоктон болуп келе жатат. Кечээки чечим деле акыркысы болбойт деп эсептейм».

Ал эми серепчи Темирбек Ажыкулов мамлекеттик мекемелерди реформалоо үчүн биринчи кезекте функционалдык анализ жүргүзүү керектигин, үстүртөн гана реформалоонун таасири болбосун айтат.

«Негизи, бул иштер башаламан болуп жатат. Биринчи жолу болуп жаткан жери жок. Президент алмашканда, өкмөт алмашканда ушундай реформалар болуп турат. Реформадан мурун анализ кылынышы керек болчу. Ар бир мамлекеттик органдын функциясы эмне, алардын максаты кандай, канчалык деңгээлде иштерди алып барат, ошого жараша түзүмүн, курамын, бюджетин түзүп, анан реформа кылынса жакшы болмок. Муну функционалдык анализ деп коет. Бул нерсе мен билгенден 2000-жылдары өкмөттүн деңгээлинде жасалган деп уккам. Андан кийин 2008-жылы да ошондой аракет болгон экен. Андан бери 12-13 жыл өтүп кетиптир, эч кандай анализ кылынган эмес. Бул үч күндүк жумуш эмес, жок дегенде 3-6 айлык же бир жылдык процесс. Бул туура жолду кылгандан кийин гана мамлекет ойлоно баштаса болмок. Ошого жараша министрликтердин санын азайтып же көбөйтүү керек. Азыр атын алмаштырып, департаменттерди бири-бирине ыргытканы, ар бир ушундай өзгөрүү процессти бир топ басаңдатат, мекемелерге аябай жүк болот. Ички кагаздарды кайра башынан жазып чыгуу керек болот. Бул мамлекеттик органдарга кошумча эле чыгым алып келет». 

2020-жылга алынган расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 28 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жылына 48 миллиард сом коройт. Ал эми мамлекеттик бюджеттен жалпы 321 миң адам айлык алат.

Учурда Министрлер кабинетинин түзүмү төрага, 4 орун басар, 16 министрлик, 1 комитет, 3 агенттик, 1 кызматтан турат.

Copyright © 2017 Maral FM