Биз менен байланышыңыз

Илон Маск Tesla компаниясындагы үлүшүн сатты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 682 | 0

Илон Маск Tesla компаниясындагы үлүшүнүн бир бөлүгүн сатты. Бул тууралуу mir24.tv сайты билдирди.

Масктын баалуу кагаздарды сатуусу 2016-жылдан бери алгачкы ирет болуп жатат. Ал мындай кадамга 590 миллион доллар киреше салыгын төлөө үчүн барган.

Эскерте кетсек, өткөн жумада Маск «Твиттер» баракчасына Tesla компаниясындагы үлүшүнүн 10%ын сатуу же сатпоо боюнча атайын сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында комментарий жазгандардын 3,5 миллиондон ашууну, тактап айтканда, катталуучуларынын 57,9%ы үлүшүн сатуу чечимин колдогон.

Социалдык тармак колдонуучулары кандай чечимге келсе да макул болорун башында эскерткен Илон Маск көпчүлүктүн сунушун кабыл алган.

Буга чейин Илон Маск Forbes журналынын миллиардер рейтингинде эң бай адам деп табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM