Биз менен байланышыңыз

Google компаниясы 2 млрд доллар айыпка жыгылды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 656 | 0

Европа Жогорку Соту Еврокомиссиянын Google компаниясына 2 млрд 400 млн евро айып салуу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу cnbc.com сайты жазды.

Маалым болгондой, 2017-жылдын июнь айында Европа Биримдигинин (ЕБ) аткаруу органы Google компаниясын интернеттеги издөө системалары рыногундагы үстөмдүк абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн «монополияга каршы мыйзамдарды бузду» деген кине менен айып салган.

Компания Еврокомиссиянын чечимин сыйлаарын, бирок ага макул эместигин билдирип, жалпы инстанциялык сотко арыз жазган. Google компаниясы рыноктогу аракеттер жарнак берүүчүлөргө да, колдонуучуларга да пайдалуу болорун жүйө келтиришкен.

Жалпы инстанциядагы сот Еврокомиссиянын чечимин күчүндө калтырып, бирок Евробиримдиктин Жогорку Сотуна да апелляциялык арыз жазса болорун айткан.

Ал эми ушул жылдын 8-ноябрында Москванын Таган райондук соту Google жана Telegram компанияларына Орусияда тыюу салынган маалыматты өз ресурстарынан өчүрүүдөн баш тартканы үчүн алты миллион рубль айып салганы белгилүү болду. Тактап айтканда, Google эки миллион, ал эми Telegram төрт миллион рубль төлөөгө милдеттендирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM