Connect with us

Азамат Жаманкулов скульптор Тамила Маматованын өнөрканасы менен таанышты

Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 372 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов белгилүү жаш скульптор Тамила Маматованын өнөрканасында болуп, эмгектери менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тамила Маматова министрге студент кезинен баштап ушул кезге дейре жасап келаткан эмгектерин көргөздү. Ошондой эле ал Чынгыз Айтматовдун жаштыгын чагылдырган айкелин борбор калаага коюуга аракет жумшап жатканын айтып берди.

Азамат Жаманкулов Тамила өңдүү келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш скульпторлордун эмгектери өлкөнүн руханий казынасын байытууга өз салымын кошуп, көпчүлүктүн көңүлүнө тартууланышы керектигин айтып, жаш таланттар үчүн Дүйнө горизонтун ачуу максатында министрликтин жаш скульпторлорго дем берген конкурстарды уюштуруу ниети бар экенин кошумчалады. Мындан тышкары скульпторлор үчүн алардын шарт-талаптарына туура келген өнөркана ачып берүү маселесин карап көрөрүн билдирди.

Айта кетсек, министр жаңыдан өсүп келаткан жаш таланттарды, өнөрпоздорду колдоо, алардын эмгеги менен таанышуу иретинде өнөрканаларына, иштеген жерлерине барып турууну максат кылган. Бул сапар ошолордун алгачкысы болду.

Жаш скульптор Тамила Маматова 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Келте айылында туулган. 2007-2012-жылдары Тургунбай Садыков атындагы искусство академиясында, 2012-2018-жылдары Санкт-Петербургдагы Репин атындагы көркөм сүрөт академиясында билим алган. Кесиби: скульптор-сүрөтчү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM