Биз менен байланышыңыз

«Айтматовго Мажарстандын урмат-сыйы» китеби жарык көрдү

Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 374 | 0

«Айтматовго Мажарстандын урмат-сыйы — Дань уважения Венгрии Айтматова» аттуу илимий-популярдуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын басма сөз кызматы билдирди.

Мажар (венгер) окумуштууларынын макала, маектери, илимпоздорунун Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, бейнеси боюнча иликтөөлөрү камтылган бул китепти Аида Памирбек Шомфаи түзүп чыккан. Мажар авторлордун макалаларын орус тилине Ольга Вовк, ал эми кыргыз тилине Памирбек Казыбаев, ал эми кыргыз авторлордун эмгектерин орус тилине Мамасалы Апышев которгон.

ХХ кылымдагы дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыз элинин улуттук сыймыгы Чынгыз Айтматовго арналган басылма Түрк Кеңешинин Мажарстандагы өкүлчүлүгүнүн тектеш түрк элдеринин улуу инсандары жөнүндөгү алгачкы эмгеги.

Китептин бет ачары Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтүп, ага Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Мажарстандын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги, КР улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев, Чынгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов, Түрк Кеңешинин Мажарстандагы өкүлчүлүгү жана башка бир катар адабият өкүлдөрү катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM