Connect with us

БШК: Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 9 Ноя 2021 | 636 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттыгына №12 Өзгөн округунан талапкер Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШК 8-ноябрда талапкер Аалы Карашевдин шайлоодон баш тартуу боюнча берген арызын карап чыгып, канаттандыруу, каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Буга чейин №12 Өзгөн шайлоо округунан 3 талапкер: Элмурза Сатыбалдиев, Манасмиң Жумакадыр уулу, Аалы Карашев катталган.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы Башмыйзамга ылайык, парламент 90 депутаттан туруп, 36сы бир мандаттуу округдан, 54ү партиялык тизме менен шайланып келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM