Биз менен байланышыңыз

Композитор Сардарбек Жумалиевдин 80 жылдыгы белгиленди

Кыска кабар | 9 Ноя 2021 | 367 | 0

Кечээ, 8-ноябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, III даражадагы «Манас» орденинин кавалери, обончу-композитор, дирижёр Сардарбек Жумалиевдин 80 жылдыгы белгиленди.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн чоң салтанатка мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, депутат Каныбек Иманалиев өңдүү саясий ишмерлер, эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер, ыр ышкыбоздору катышты.

Маараке чоң программадагы концерт менен коштолуп, композитордун обондору белгилүү ырчылардын аткаруусунда жаңырды. Кеченин соңунда мааракеси белгиленип жаткан композитор Сардарбек Жумалиев келген элге ыраазычылыгын билдирди.

Сардарбек Жумалиев 1941-жылы Кант районунун Жар-Башы айылында туулган. 1962-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын, 1984-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.

Учурда улуттук филармониянын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде дирижёр, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде мугалим болуп эмгектенет.

Сардарбек Жумалиев «Таң сыры», «Сары-Челек», «Жаңы жылды тосолу», «Сен менин жазылбаган ырларымсың» , «Кетпейм сага жолукмайынча», «Бегимайдын ыры» өңдүү атактуу обондорду, Чүй облусунун «Сарөзөн» гимнин, «Бишкегим» гимнин, Кыргыз улуттук университеттин гимнин, «Манас» балдар мектебинин гимнин, Кыргыз патенттин гимнин жазган.

Ал 1987-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын, 1990-жылы А.Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыгын, 1990-жылы Эмгектин ардагери медалын, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын, 2007-жылы Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалын, 2007-жылы Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын сыйлыгын жана III даражадагы Манас орденинин кавалери наамын алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM