Биз менен байланышыңыз

Жыйында жакшы суроо берүүнү үйрөнүңүз

Блог | 9 Ноя 2021 | 1245 | 0

Конференцияга катышканда, сиз жаңы изилдөөлөрдү угасыз. Башка изилдөөчүлөр менен таанышасыз. Ошондой эле башкалар менен талкууга, дебатка катышуудан пайда аласыз. Дүйнө жүзүндө бир тармак боюнча изилдөөчүлөрдүн бир жерге чогулуусу дайым эле боло бербейт. Андыктан алар менен сүйлөшүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөн пайдаланышыңыз керек.

Талкуунун эң сонун жолдорунун бири — баяндаманын аягында боло турган суроо-жооп сессиясына калып катышуу. Адатта, баяндамадан кийин угуучулардан комментарий алууга убакыт бөлүнөт. Бирок ошол учурда берилген бардык суроолор жакшы суроолор деп айта албайбыз.  Эгер сиз ошол учурда пайдалуу жана жагымдуу баарлашуу болушун кааласаңыз, мыкты суроо бергенге аракет кылыңыз.

Суроо болсо бериңиз

Биринчи нерсе, сиз суроо берүүгө аракет кылышыңыз керек, айрыкча аудиторияда башка эч ким сурабай отурган болсо.  Аудиторияда биринчи суроо берген адамда коркуу же тартынуу болушу мүмкүн. Андыктан сурооңуз болсо, аны берүүдөн тартынбаңыз. Көбүнчө бир адам суроо бергенден кийин сессиянын калган бөлүгү жылма жана табигый өтөт. Эгер аудитория тынч болсо, суроону биринчи берүүгө аракет кылсаңыз, баяндамачы ыраазы болот.

Жөн эле пикир айтпастан, суроо да бериңиз

Көптөгөн илимпоздордо, айрыкча улуу курактагы академиктерде бир адат бар: сессиянын аягында көпкө сүйлөйт. Конференцияда токтобой, узак пикир айтып, бирок эч суроо бербеген адамды көрүп жүрөбүз. Бул жалпыга пайдалуу болбойт. Андай узун пикир кийинчерээк жазуу түрүндө же жеке сүйлөшүүдө берилгени жакшыраак болот. Узак сөздүн ордуна, анык жана актуалдуу суроо берүүгө аракет кылыңыз. Эгер жөн эле бир идеяны тактап алгыңыз келсе, конкреттүү суроо бериңиз, ал баяндамачыга да пайдалуу болот. Ойду кыска айтканга аракет кылыңыз. Суроолорду кыска жана максатка ылайык берип, өзүңүздү тааныштыруунун же өз ой-пикириңиз жөнүндө узак сүйлөөнүн зарылдыгы жок экенин сезиңиз.

Суроону кызыгып бериңиз, бирок урушпаңыз 

Спикердин сөзүнө каршы чыкканга акыңыз бар, анын ой-пикири же аргументтери боюнча талаша аласыз. Бирок ашыкча талашып, урушпаганга аракет кылыңыз. Катуу каршылык көрсөтүп, бирөөнүн айтканына терс реакция жасаганга караганда, консенсуска келген же бири-бирин түшүнгөн маек жемиштүү. Суроолоруңузда жана комментарийлериңизде конструктивдүү болууга жана спикерге эмне үчүн туура эмес деп эсептегениңизди көрсөтүүнүн ордуна жалпы тил табууга аракет кылыңыз.

Сын менен катар, пикирлерди да сураңыз

Адамдар кээде унутуп калган жагдай, суроолор сөзсүз түрдө дайыма сынчыл болушу керек эмес. Эгер спикер мыкты баяндама жасаса, сиз аны менен дагы жолугушууну самасаңыз, келечектеги изилдөө пландары жөнүндө, ошондой эле өзүңүздүн темаңыз боюнча пикирин сурасаңыз болот.  Баяндамачыны өз пикирин айтууга чакыруу абдан кызыктуу талкууларды жаратып, ал адистен бир нерсе үйрөнүүгө шарт түзөт.

Сын-пикириңизди калыс жана маданияттуу айтыңыз

Эң негизгиси, суроолорду чебер, сылык берүүгө аракет кылыңыз. Үндү ашыкча бийик көтөрүү да этикага туура келбейт. Эч качан сүйлөп жаткан адамды шылдыңдап, кемсинтпеңиз. Чындыгында, эгер сиз спикер менен сый мамиледе болуп, убакытыңызды короткунуз келбесе, анда суроо берүүдөн таптакыр баш тартканыңыз жакшыраак болот. Спикердин туура эмес айтканын кармап, же анын билимин текшергенге аракет кылбай, чындап бир нерсе билгиңиз келсе, суроо гана берген жакшы.  Эгерде суроо урматтоо жана кызыгуу сезими менен берилсе, анда талкуу жагымдуу да, баарына пайдалуу да болот.

Жорджина Торбет 

Которгон: Дүйшөн Шаматов, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM