Бишкекте пластик чыгаруучу заводдон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан пластик чыгаруучу заводдон өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 бөлүм тартылган.
Учурда өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.