Борбордук шайлоо комиссиясы 6-ноябрда өткөн жыйналышында «Аруузат» саясий партиясы көрсөткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төрт талапкерди чыгаруу чечимин кабыл алды. Алар:
- Уркунбаев Нургазы Эркинбекович;
- Жумаев Эсен Арипович;
- Мураталиев Акылбек Кыдырович;
- Алымжан Молдосанов.
Чечим жогоруда аты аталган талапкерлердин «Аруузат» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 5-ноябрдагы өз арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин негизинде кабыл алынды.