Биз менен байланышыңыз

Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жетекчилиги менен жолугушту

Кыска кабар | 6 Ноя 2021 | 148 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо жана аталган банктын Борбор Азиядагы директору Жужанна Харгитай менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарында долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу колдоо көрсөткөн өнөктөшү болуп саналат.

Тараптар суу менен камсыздоо жана канализация, коомдук транспорт жана энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Альтернативдик жана энергиянын жаңыланып туруучу булактарына өтүүгө басым жасалды. Банктын жетекчилиги бул маселеде консультациялык кызмат көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуу соңунда тараптар Финансы министрлиги жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы ортосунда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасын оңдоо боюнча меморандумга, «Кыргызстандагы климатка туруктуу суу менен камсыздоо» долбоору боюнча сүйлөшүүлөр протоколуна кол койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM