Улуттук банк 5-ноябрда валюта рыногуна 55,4 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Улуттук банк 28-октябрда валюта базарына интервенция 50 млн доллар саткан. Жыл башынан бери 11 жолу интервенция жасалып, 446 миллион 750 миң доллар сатылды.
Интервенция доллардын курсун туруктуу кармоо үчүн жасалат. Учурда сомго карата доллардын расмий курсу 84 сом 80 тыйын.