Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Эртең Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Ноя 2021 | 426 | 0

Эртең, 6-ноябрда Өзбекстандын кайра шайланган президенти Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы өтөт. Бул тууралуу Өзбекстан Олий Мажлиси расмий сайтына жазды.

«Өзбекстан Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасы жана Сенаттар палатасы чоң жыйындар залында 6-ноябрь саат 11:00дө Өзбекстан президентинин кызматына киришине арналган кошмо жыйынын өткөрөт», — деп айтылат маалыматта.

Салтанатка эки палатанын депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, бир катар элчиликтер чакырылган.

Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, президент шайлоо жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин эки ай ичинде парламенттин алдына ант берип, кызматына киришет.

Айта кетсек, Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өткөн. Өзбекстан шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыкты 25-октябрда жарыялап, Шавкат Мирзиёев 80,4% менен жеңишке жеткенин кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM