Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: 10 айда катталган 2531 өрттүн 1248и турак жайдан чыккан

Кыска кабар | 5 Ноя 2021 | 187 | 0

2021-жылдын январь айынан октябрь айына чейинки аралыкта 2531 өрт катталган. Бул өткөн жылдан 411ге көп, тактап айтканда, 2020-жылдын ушул мезгилинде 2120 өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгы тараткан маалыматта айтылат.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарынан — 406, Чүй облусунан — 566, Ош облусунан — 291, Жалал-Абад облусунан — 314, Ысык-Көл облусунан — 238, Нарын облусунан — 93, Талас облусунан — 101, Ош шаарынан — 65, Баткен облусунан — 138 өрт катталган.

Айта кетсек, өрттүн эң көбү, тактап айтканда, 1248и турак жайдан чыгып, ага төмөнкүдөй абайсыздыктар себеп болгон:

электр жабдууларын туура эмес колдонуу — 783;

мешти жана морду тазалоодо эреже сактабоо — 189;

отту туура эмес жагуу — 320;

балдардын от менен ойноосу — 109.

Он айда өрттөн 2020-жылы 18 адам каза таап, 28 адам жабыркаса, бул жылы 31 адам көз жумуп, 43 адамды күйүк чарпкан. Ошондой эле 2021-жылы 26 адамды өрттөн куткарып алышкан, жалпысынан 8 млрд 389 млн 727 миң сомдук материалдык баалуулукту өрттөн сактап калышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM