Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду ачылды. Капиталы 16 млн доллар

Кыска кабар | 5 Ноя 2021 | 468 | 0

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Экономика жана коммерция министринин орун басары Данияр Амангелдиев, Венгриянын тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Перет Сийярто, андан тышкары Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду башкармалыгынын жана кеңешинин өкүлдөрү катышты.

Министр Сийярто белгилегендей, Кыргызстан менен Венгрияны көп кылымдык соода-экономикалык, социалдык жана маданий мамилелер байланыштырып турат, алар ишенимдүү мүнөзгө ээ жана тең укуктуулук жана өз ара кызыкчылыктарды урматтоо духунда системалуу түрдө өнүгүп келет.

Фонд инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналат. Фонддун баштапкы капиталы 16 млн долларды түзөт, келечекте аны 50 млн долларга жеткирүү пландалууда.

Фонддун директорлор кеңеши 5 адамдан турат: кыргыз тараптан 3 өкүл, венгер тараптан 2 өкүл. Фонддун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашып, ал үчүн имарат даярдалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM