Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстанга мигранттарды окуткан борбор ачат

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Ноя 2021 | 1280 | 0

2022-2025-жылдар аралыгында Орусия мигранттарды даярдаган үч окуу борбор ачууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу Орусиянын экономикалык өнүктүрүү министри Дмитрий Волвач билдиргенин «Борбор Азия жаңылыктар кызматы» жазды.

Айтылган окуу борборлору Орусиянын негизги жумушчу күчү деп эсептелген Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстанга ачылат. Мындагы негизги максат Орусия эмгек базарына чыгууну жөнөкөйлөтүү болуп саналат.

Борбордо окутуунун аркасы менен мигранттар Орусияда жашап иштөөгө толук даяр болуп келишерин, 2030-жылга чейин Орусияга 3,5 миллионго чукул мыйзамдуу жумушчу күчү тартыларын, эмгек базары таланттуу, кесипкөй адамдар менен толукталып, эмгек өндүрүмү жана экономикага инвестиция тартуу болуп көрбөгөндөй өсөрүн белгилейт Волвач.

Бул боюнча министрлик эки мыйзам даярдаган: «алтын паспорттор» жана Орусияда эки жыл салык төлөп иштеген жогорку квалификациялуу адистерге «чексиз жашоо» уруксатын берүү. Мындагы күтүлгөн натыйжа 2030-жылга чейин Орусияга 200 миллиардан ашык инвестиция келет.

Мындан тышкары 2024-жылга чейин чет өлкөлөрдөгү орус тилчи мугалимдер төрт эсе көбөйүп, алар Орусия билим берүүсүнө «элчилик» кылышарын айткан. Мунун аркасы менен 2030-жылга чейин Орусияда окуган чет элдик студенттердин саны бир жарым эсе көбөйөрү болжолдонуп жатат. Булардын ичинен эң таланттууларына (5%дан ашык эмес) атайын гранттык жеңилдиктер жана Орусиянын жарандыгы берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM