Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы Тажикстандан кимдер кире аларын түшүндүрдү

Кыска кабар | 5 Ноя 2021 | 811 | 0

Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү Тажикстан жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүү тартибин түшүндүрдү.

Маалым болгондой, этникалык кыргыздар, Тажикстанда туулган Кыргызстан жарандарынын балдары, тажик студенттери жана Кыргызстанда иштеген окутуучу-мугалимдери өлкөгө кире алат.

Тактай кетсек, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, «Кулунду унаа жолу», «Кайрагач унаа жолу», «Кызыл-Бел унаа жолу», «Бор-Дөбө унаа жолу», «Карамык унаа жолу» бекеттеринен товар ташыган унаалардын жана адамдардын өтүүсүнө чек коюлгандыктан, төмөнкү учурларда гана өтүүгө уруксат берилет:

  • өлкөгө кайтып келе жаткан Кыргызстандын жарандары;
  • Кыргызстандын жана Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана кеңсеси Кыргызстанда жайгашкан эл аралык уюмдардын кызматкерлери, алардын үй-бүлөсү;
  • чет элдик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү. Бул эки топтогу адамдар кирип келатканда Тышкы иштер министрлигине кабарлама жибериши керек;
  • кирүүсүнө Кыргызстандын мыйзамдары уруксат берген этникалык кыргыздар;
  • Токтогул ГЭСинде иштеген Тажикстандын жарандары. Булар Энергетика министрлигинен уруксат алышы керек;
  • Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде иштеген же окуган тажик жарандары. Булар Билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөсү менен кире алышат;
  • Кыргызстан жарандарынын Тажикстанда туулган балдары.

Айта кетсек, бул топко кирген адамдар Кыргызстанга жогоруда белгиленген өткөрмө бекеттер аркылуу гана кире алышат. Кыргызстандын аймагына үчүнчү өлкөлөр аркылуу өтүүгө уруксат берилбейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM