Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 78 адам оору жугузуп, 2 адам каза тапты

Кыска кабар | 5 Ноя 2021 | 258 | 0

5-ноябрга карата 78 адамдын COVID-19 жугузуп алганы аныкталды. Анын ичинен 23ү Бишкек шаарынан, 22си Чүй облусунан, бирөө Ош облусунан, бешөө Талас облусунан, 12си Ысык-Көл облусунан, 10у Жалал-Абад облусунан, бешөө Баткен облусунан катталган.

Бир суткада 72 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албаган 2 адам көз жумду.

Учурда 642 бейтап стационарларда, 798 бейтап үйдө дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 181 миң 668 адам коронавируска чалдыккан. Булардын ичинен 176 миң 25 адам айыгып, 2 миң 681 адам каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM