Connect with us

Жогорку Сот БШКнын Талант Мамытов боюнча арызын дагы артка кайтарды

Кыска кабар | 4 Ноя 2021 | 453 | 0

Жогорку Сот талапкер Талант Мамытов боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусун экинчи жолу да артка кайтарды.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы мунун себебин арыз мөөнөтүнөн кечигип берилгени менен түшүндүрдү.

«Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин» 203-беренесинин 6.7-бөлүгүнө ылайык, биринчи сот бутагынын күчүнө кирген чечими чыккан учурдан тартып, үч календарлык күндүн ичинде кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Мөөнөттөн кечиккен даттануулар кабыл алынбайт», — деди алар.

Айта кетсек, БШК 24-октябрда Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тартып, «Ынтымак» партиясынын тизмесинен алып салган. Алар Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырбай туруп, депутаттыкка ат салышып жатканын айыпташкан.

Бул боюнча Мамытов Бишкек шаарынын административдик сотуна арыз жазып, алар 28-октябрда БШКнын чечимин жокко чыгарган. Мындан улам Борбордук шайлоо комисиясы Жогорку Сотко кассациялык даттануу жолдогон. Бирок сот 2-ноябрда арызды артка кайтарган. Себеп катары кассациялык даттанууга кол коюуда административдик-процессуалдык кодекстин 64-беренесинин 2-бөлүгү бузулганы, кол койгон өкүлдүн күбөлөндүмө ишеним катынын ырастыгын аныктоого мүмкүн эместиги, мындан улам  ал өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу далил катары кабыл алынбай турганы көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу 3-ноябрда БШК даттанууну кайталап жибергенин маалымдаган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Учурда талапкерлердин үгүт иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM