Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик салык кызматы Бизнес-акыйкатчы менен кызматташат

Кыска кабар | 4 Ноя 2021 | 173 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов менен Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Бул меморандумда салык кызматынын ишинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга бизнес-акыйкатчынын көмөктөшүүсү, эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу маселелери каралган.

Кол коюу салтанатынын алкагында жыйын өтүп, анда Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары, борбордук аппараттын бөлүм башчылары, Бизнес-акыйкатчынын орун басары эки тараптуу кызматташтыктын ар кандай аспекттерин жана келечегин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар мындай жолугушууларды бат-баттан өткөрүп турууга, бир катар багыттар боюнча иштерди уюштурууга, анын ичинде ишкерлерге багытталган мыйзамдарды өркүндөтүүгө, ошондой эле фискалдык саясат чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун ачык талкуулаган жыйындарга биргелешип катышууга макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM