Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев Өзбек-кыргыз фондун түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2021 | 624 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын Адилет министрлиги билдиргенин бир катар маалымат булактары жазды.

Айта кетсек, бул фондду түзүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга ушул жылдын 11-мартында президент Садыр Жапаровдун Ташкент шаарына жасаган иш сапарында кол коюлуп, 18-августта Кыргызстан тарап ратификация кылган.

Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки жарлыгы менен фонддун иштеп кетүүсү үчүн жоопкерчилик Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигине жүктөлгөн.

Башкы штабы Бишкек шаарында жайгашкан фонддук уставдык капиталы 50 млн доллардан башталат. Бара-бара 200 млн доллардан да ашыруу мерчемделүүдө.

Фонд негизинен айыл чарба, жеңил өнөр жай (текстиль), кайра иштетүү, тоо-кен тармагы, металлургия өнөр жайы, транспорт, курулуш, соода, ишкерликти өнүктүрүү, энергетика, инфратүзүмдү өнүктүрүү, туризм багыттары боюнча инвестиция салат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM