Биз менен байланышыңыз

Орусияда Кыргызстандын өндүрүмүн саткан соода үй ачылды

Кыска кабар | 4 Ноя 2021 | 766 | 0

Кыргызстандагы Агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү бирикмеси Орусиянын Новосибирск шаарына соода үйүн ачты.

Бирикме маалымдагандай, бул соода үйүндө Кыргызстандын экологиялык жактан таза, адал азык-түлүгү, табигый шартта өстүрүлгөн жашылча-жемиши сатылат.

Айта кетсек, бул соода үйүн ушул бирикменин мүчөсү август айында негиздеген. Жакынкы аралыкта Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург шаарларына да соода түйүндөрүн ачуу мерчемделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM