Connect with us

Еврокомиссиянын вице-президенти Бишкекке келди

Кыска кабар | 4 Ноя 2021 | 228 | 0

Европа Комиссиясынын аткаруучу вице-президенти, соода боюнча комиссар Валдис Домбровскис «Европа Биримдиги — Борбор Азия» экономикалык форумуна катышуу үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлүнүн маалымат катчысы Аскарбек Эркебаев кабарлады.

Валдис Домбровскисти «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын юстиция министри Аяз Баетов менен тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев тосуп алды.

Бүгүн, 4-ноябрда ал президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушат.

Андан тышкары жалпы каржысы 10 млн еврону түзгөн кызматташуу боюнча эки инновациялык программанын ишке берилишине катышат. Долбоордун бири Эстония, Финляндия жана Италия тарабынан ишке ашырылган 2 млн евролук санариптештирүү боюнча болсо, экинчиси, БУУнун баңгизат жана кылмышка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы менен ишке ашырылган 8,8 млн евролук укук үстөмдүгү долбоору.

Ошондой эле Борбор Азиядагы чек араларды башкаруу боюнча Европа Биримдигинин программасынын алкагында кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрмө бекетине барат.

5-ноябрда «Европа Биримдиги — Борбор Азия» экономикалык форумуна катышат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM