Connect with us

«Бишкексветтин» электр мештерин уруксатсыз пайдаланганы аныкталды

Кыска кабар | 3 Ноя 2021 | 538 | 0

Бишкек мэриясына караштуу «Бишкексвет» муниципалдык кызматы электр мештерин уруксат кагазы жок колдонуп келгени аныкталды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Ишканалардын жана мекемелердин электрди пайдалануусун текшерген жумушчу топтун айтымында, техникалык шарт боюнча «Бишкексветке» күнүнө 20 киловатт гана энергия пайдаланууга уруксат берилген. Бирок иш жүзүндө алар 100 киловатт энергия сарптап келишкен.

«Бишкексветтин» башкы кеңсесин жылытууда электр энергиясын пайдаланууга уруксат кагаз берилген эмес жана борбордук жылытуу системасына кошулган эмес. Аталган факт боюнча акт түзүлүп, электр мештери өчүрүлүп, пломба басылды.

Эскерте кетсек, Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен атайын топ түзүлүп, ишкана-мекемелердин электр энергиясын колдонуудагы документтерин, иш жүзүндө колдонгон электр кубатын текшерип жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM