Connect with us

«Юг-Спецавтоматиканын» жетекчиси пара берүү учурунда кармалды

Кыска кабар | 3 Ноя 2021 | 419 | 0

«Юг-спецавтоматика» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Талантбек Кыдырбаев УКМК кызматкерлерине пара берип жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А. Матиев орто мектебин салган аткаруучу компания «Юг-Спецавтоматика» ЖЧКСынын жетекчиси менен Жалал-Абад облустук Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу адамдары сүйлөшүп алып, курулуш-монтаж иштеринин баасын өлчөмүнөн ашырып жазганын аныктаган.

Аткаруучу компаниянын жасаган иштеринин актылары менен мектепти өткөзүп алуу документинде бир топ айырмачылыктар чыккан. Мындан улам аудитордук текшерүү дайындалып, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келгени далилденген.

Буга байланыштуу козголгон ишти «оң жагына чечүү» үчүн «Юг-Спецавтоматика» ЖЧКсынын жетекчиси УКМК кызматкерлерине 2 миң сом өлчөмүндө пара сунуштап, айтылган акчаны берип жаткан учурда колго түштү.

Кармалган жаран Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM