Биз менен байланышыңыз

9-ноябрда Орусиянын ишкерлери Бишкекке келет

Кыска кабар | 3 Ноя 2021 | 297 | 0

9-ноябрда Орусиянын ишкерлери үч күндүк иш сапар менен Бишкекке келет. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Орусиянын 70ке жакын компаниясынын өкүлдөрү 10-12-ноябрда өтө турган бизнес-талкуу, отурумдарга катышат. Ошондой эле Кыргызстандагы ишкерлер менен атайын жолугушууларды өткөрөт.

Орусия экспорттук борбору менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду уюштуруп жаткан иш-чаранын башкы максаты Орусиянын товарларын Кыргызстандын аймагына жайылтуу, Кыргызстанга инвестиция тартуу, эки тараптуу кызматташтык болуп саналат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев баштаган бийлик өкүлдөрү да катышары мерчемделип жаткан отурумда энергетика, айыл чарба, машина куруу, ресурс үнөмдөө тармагын өнүктүрүү, санарип технология, коопсуздук чөйрөсү сыяктуу бир катар маселелер талкууланат.

Отурумдар Бишкек шаарындагы Манас проспекти, 16 дарегинде жайгашкан NOVOTEL мейманканасынын жыйындар залында болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM