Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 74 адам илдетке чалдыгып, 2 адам каза тапты

Кыска кабар | 3 Ноя 2021 | 132 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, 3-ноябрга карата 74 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды.

Алардын 23ү Бишкек шаарынан, 25и Чүй облусунан, экөө Ош облусунан, төртөө Талас облусунан, бирөө Нарын облусунан, 11и Ысык-Көл облусунан, жетөө Жалал-Абад облусунан, бирөө Баткен облусунан катталган.

Ошол эле учурда бир суткада 97 бейтап оорудан сакайып чыкты.

Ал эми эмдөө албаган 2 адам каза тапты.

Учурда 605 бейтап стационарларда, 803 бейтап үйдө дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 181 миң 499 адам COVID-19га чалдыккан. Анын ичинен 175 миң 982си айыгып, 2 миң 676сы көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM