Биз менен байланышыңыз

Нигерияда 22 кабаттуу үй кулап, 100дөн ашык адам дайынсыз жоголду (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 482 | 0

Нигериянын Лагос шаарында 22 кабаттуу үй урап түшүп, 100дөн ашуун адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу BBC маалымат кызматы жазды.

Урандыларды казуу учурунда 6 адамдын сөөгү, 4 адам тирүү табылган. Калган жоголгондорду издөө, урап түшүүнүн себептерин аныктоо иштери жүрүп жатат учурда.

Белгилүү болгондой, имарат көптөгөн заманбап шарттагы батирлерди, таунхаустарды, пентхаустарды камтыган 360 Degrees Towers стилиндеги комплекс болгон.

BBC маалымдагандай, Лагос шаарында мындай урап калуулар өтө көп кездешет. Буга коопсуздук эрежелери сакталбаганы жана курулуш материалдарынын стандарттык талапка жооп бербегени себеп. Курулуш сапаттары боюнча сын-пикирлер, даттануулар өтө көп болгондуктан, Лагос штатынын жетекчилиги тастыктама берүүнүн жаңы эрежелерин иштеп чыкканын жазды басылма.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM