Биз менен байланышыңыз

Казакстанда онлайн сот отурумдарына каршы кол топтоо башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 444 | 0

Казакстан укук коргоочулары онлайн сот отурумдарына каршы кол топтоп башташты. Бул боюнча президент Касым-Жомарт Токаевге жана Жогорку Соттун төрагасы Жакып Асановго да жасаган кайрылуусун Фейсбук баракчасына жарыялады.

Катта алар сот отурумдарында адамдын укугун бузган, мыйзамсыз чечимдер көбөйгөнү, пандемиянын арты менен кирген онлайн процесс саясий көз карашты чектөөгө жакшы шылтоо болгону жазылган. Ошондой эле онлайн сот отурумдары «көз боёгон (манипулятивный) оюн талаасына» айланганын белгилешкен.

«Казакстанда өтүп жаткан онлайн сот отурумдарында каалаган убагында микрофонду өчүрүп ташташы мүмкүн, дал ушинтип айыпталуучуну өзүн коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Адвокаттын видеобайланышын өчүрүп, ага клиентин коргоого мүмкүнчүлүк бербейт. Анан калса, күбөлөр телефонунун кубаты азайып баратканын шылтоолоп, отурумдан чыгып кетишет. Судьялар онлайн отурумга көп адам кирүүгө болбойт деген шылтоо менен байкоочуларды кошпойт. Көп учурда байланыш начар болгондуктан отурумга катышып жаткандын эмне айткысы келгени түшүнүксүз болуп калат. Прокурорлор жүзүн жашырып отурат, үнүн өчүрүп салат. Кээде элдин көзүнчө уктайт», — деп жазылган катта.

Алар «Фейсбук» катталуучуларга 3 күндүн ичинде жарыяланган кайрылуунун астындагы комментарийге аты-жөнүн жаза кетүүнү өтүнүшүп, чыныгы аты менен киргендердики гана каттоого түшөрүн эскертишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM