Биз менен байланышыңыз

3-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 166 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 3-ноябрда күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Таластын кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад, Ош облусунун тоо этектеринде жаан жаап, карга айланат. Шамалдын батыштан келген багыты 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;

Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +9…+14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0…+5, күндүз +14…+19;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус жылуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM