Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Глазго шаарындагы SEC шотландиялык көргөзмө борборуна БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитине катышуу үчүн барды.
Жапаровду БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алган. Жапаров менен Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон да учурашты.
Президент БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитинин ачылыш аземине катышары күтүлүүдө.
Эртең, 2-ноябрда Жапаров дүйнө лидерлеринин саммитинин пленардык жыйынында кайрылуу жасайт.