Кыргызстанда бир жумада ичимдик ичип унаа айдаган 270 адам кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Жалпысынан өткөн апта ичинде 15 миң 700дөн ашык эреже бузуу фактылары аныкталган.
Анын ичинде ылдамдыкты чегинен ашырып айдаган, жасалма мамлекеттик номер менен жүргөн, жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузган, жол белгилерин сактабаган, унаасынын айнеги караңгылатылган айдоочулар бар.
Атайын унаа токтотуучу жайга 800дөн ашык машине жеткирилген.