Биз менен байланышыңыз

Талибдер тойго музыка койгону үчүн эки адамды атып салышты

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 857 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Ооганстандагы үйлөнүү тойдо ок чыгарган «Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылынын үч өкүлүнүн экөө кармалды. Бул тууралуу «Талибан» өкмөтүнүн маалымат катчысы Забиулла Мужахид Твиттер баракчасына жазды.

«Кечээ кечинде Нангахар провинциясынын Шамшпур Мар Гунди кыштагында өздөрүн талибдер атаган үч адам тойдогу музыканы токтотууну талап кылышкан. Ислам эмиратынын («Талибан» кыймылы Ооганстанды ушундай өзгөртүүнү чечишкен — ред.) атын жамынган окуянын күнөөкөрлөрү шарият өкүмдөрүнө такап, чыккынчылыкка барышты», — деп айтылат маалыматта.

«РИА Новостинин» маалыматына караганда, окуя Ооганстандын Нангахар провинциясында болгон. Анда төрт жигит үйлөнүү тойлорун чогуу өткөрүүнү чечишип, тойго музыка коюу үчүн «Талибан» өкмөтүнүн аймактык бийлигинен уруксат сурашкан. Алар аялдар отурган залга гана жаңыртуу чечими менен уруксат беришкен.

Той ортолоп калганда өздөрүн талибдербиз деп тааныштырган үч адам кирип келип, музыканы токтотууну талап кылышкан. Ага берки тарап каршылык көрсөтүп, натыйжада үчөө ок чыгарышкан. Андан эки адам каза таап, дагы он адам жарадар болгон.

Забиулла Мужахид үч адамдын экөө кармалганын, дагы бири изделип жатканын кабарлаган.

Мейманкананын кожоюнун айтымында, талибдер Ооганстандын тойлорунда музыка коюуга тыюу салышкан. Ошондой эле эркектер өзүнчө, аялдар өзүнчө бөлмөдө отурсун деген да өкүм кийиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM