Биз менен байланышыңыз

«Талибан»: Башкалар биздин өкмөттү тааныбаса, дүйнөгө кыйын болот

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2021 | 5568 | 0

«Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) АКШ жана башка ушул сыяктуу мамлекеттерден Ооганстандын жаңы өкмөтүн таанууну талап кылды. Бул тууралуу «Хабар-24» маалымат агенттиги жазды.

«Эгерде бул шарт орундалбаса, Ооганстандын активдеринен бөгөттөр алынбаса, мунун түбү дүйнө үчүн өтө зор маселе жаратып коюшу мүмкүн», — дешкен алар.

Бүгүнкү күндө «Талибан» кыймылы түзгөн өкмөттү көпчүлүк мамлекеттер, айрыкча Европа, Америка өлкөлөрү тааный элек. Учурда ооган калкы экономикалык жана гуманитардык жактан өтө оор шарттарды баштарынан өткөрүп жаткан кези.

«Талибандын» расмий өкүлү Забихулла Мужахид басылмалардын бирине берген маегинде: «Биз бардык калк менен, анын ичинде АКШ менен да байланыш түзгүбүз келет. Алака түзүү бизде аскер базасы ачылат дегенди түшүндүрбөйт. Алардын бизге таптакыр кереги жок. Алака — жалпы муктаждык. Дүйнөлүк уюмдар Ооганстанга коопсуздук орношун кааласа, анда бизди таанып, ишеним артсын», — деген.

Эскерте кетсек, «Талибан» кыймылы 15-августта Кабулду өз карамагына өткөргөндөн кийин өлкөнүн дээрлик бардык аймагына өз үстөмдүгүн орноткон. 7-сентябрда жаңы өкмөттүн курамын жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM