Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Эртеңден баштап кичи автобустарда жол кире 15 сом болот

Кыска кабар | 31 Окт 2021 | 291 | 0

Эртең, 1-ноябрдан баштап Бишкек шаарындагы маршруттук таксилерге жол кире 15 сом болот. Бул боюнча мэрия берген сунуш шаардык кеңештин 28-сентябрда өткөн жыйынында каралып, көпчүлүк добуш менен кабыл алынган болчу. 

Ал эми троллейбус, автобустарга жол кире 11 сомго көтөрүлөт. Ошол эле учурда пенсионерлер, майыптар үчүн жол кире эртең мененки 8:00дөн кечки 21:00гө чейин маршруттук кичи автобустарга 8 сом, автобус, троллейбустар мурункудай эле акысыз болот. Окуучулар чоң жүргүнчүлөр сыяктуу эле төлөйт, болгону 7 жашка чейинки балдардан акы алынбайт.

Айта кетсек, Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүү талабын коюп, 18-январда иш таштоого чыгышкан. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бул маселени шаардык кеңеш чечерин, тилекке каршы, ошол кездеги чакырылыштын мөөнөтү аяктап баратканына байланыштуу кийинки чакырылышты күтүүгө туура келерин айтып, айдоочулар жана фирмалардын кожоюндары менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтүп, бирок айрым мыйзам бузуулардан улам Бишкек, Ош, Токмок шаарларында өткөн шайлоо жокко чыгарылып, 11-июлга кайра шайлоо дайындалган.

Айдоочулар 2-июнда да кайра эле ушул маселе менен үч күн иш ташташкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM