Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Орусияда дагы бир рекорддук көрсөткүч катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2021 | 353 | 0

Орусияда коронавирус инфекциясын жугузгандардын дагы бир жаңы рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Тактап айтканда, 31-августка карата Орусиянын 85 аймагынан 40 миң 993 адамдын COVID-19 жугузуп алганы аныкталган. Айта кетсек, 30-октябрга карата алынган маалыматта 40 миң 251 адамдын ооруга чалдыкканы айтылган болчу.

Ал эми акыркы суткада 1158 адам каза таап (мурунку күндөн 5 адамга азыраак), 27 миң 115 адам сакайып чыккан.

Айрыкча, Москва, Санкт-Петербург сыяктуу ири шаар, аймактарда эң көп катталып жатканы айтылат маалыматта.

Пандемия башталгандан бери Орусияда 8 млн 513 миң 790 адам коронивурска чалдыгып, 238 миң 538 адам каза тапкан. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун көрсөткүчү боюнча Орусия 5-орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM