Биз менен байланышыңыз

Драматург Мар Байжиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

Кыска кабар | 31 Окт 2021 | 493 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Бүгүн, 31-октябрда А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдында Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле адабият, маданият тармагынын, театр, кино өнөрүнүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, замандаш-каламдаш эл жазуучу, эл акындары, эл артисттери катышты.

Кыргыз эл жазуучусу, драматург, прозаик, котормочу, киносценарист, режиссёр, публицист-журналист, изилдөөчү, III даражадагы «Манас» орденинин, «Данакер» орденинин ээси Мар Байжиев 29-октябрда 86 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

Сөөгү бүгүн «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Мар Байжиевдин өмүр баяны төмөнкү шилтемеде: 

Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев дүйнөдөн өттү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM