Биз менен байланышыңыз

Бүгүн жергиликтүү жамааттар күнү белгиленип жатат

Кыска кабар | 31 Окт 2021 | 594 | 0

Бүгүн, Кыргызстанда жергиликтүү жамааттар күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу башкармалыгы куттуктоо жолдоду.

«Урматтуу мэрлер, шаардык жана айылдык кеңештердин төрагалары, муниципалитеттердин жетекчилери жана кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ардагерлери! Бул жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтун түзүлгөнүнө 30 жыл болду, ал эми Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзу 25 жылдыгын өткөздү. Ушул учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун басып өткөн жолуна толук баа берип, алдыга жаңы максаттарды, милдеттерди белгилей алдык. Жергиликтүү коомчулуктун да, бүтүндөй өлкөнүн да маселелерин жана көйгөйлөрүн чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдар менен жаңы багытта кызматташтыгынын жогорку натыйжасын көрсөтөт деп ишенебиз», — деп айтылат куттуктоодо.

Айта кетсек, жергиликтүү өз алдынча башкаруу институту эгемендик алгандан тарта иштеп келет. Ал эми октябрдын акыркы жекшембиси жергиликтүү жамааттар күнү катары 2003-жылы Өкмөттүн токтому менен кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM