Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эки жигит каракчылыкка шектелип кармалды (видео)

Кыска кабар | 31 Окт 2021 | 327 | 0

Бишкек шаарынын криминалдык милициясы каракчылыкка жана адам уурдоого шектелип, издөөдө жүргөн эки жигитти кармады. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Ушул жылдын 12-сентябрында Ленин РИИБне бир жаран арыз менен кайрылган. Анда айтылгандай, түнкү 3:00 чамасында Бишкек шаарындагы Чортеков — Күйүкова көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз эки жигит 1300 долларлык «Айфон-12» телефонун тартып алышып, андан соң унаага күчтөп салып, шаардын четиндеги көрүстөндөрдүн бирине алып баратканда качып кутулган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 201-беренеси (каракчылык) жана 170-беренеси (адам урдоо) менен катталган.

Көзөмөл камерага түшүп калган видеодалилдин негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ленин райондук милициясы кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган К.Б. жана 1999-жылы туулган А.Н. аттуу жигиттерди кармаган.

Шектүүлөр Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда айтылган факт боюнча тергөө, башка да кылмыштарга тиешеси бар-жогу боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM