Биз менен байланышыңыз

2022-жылы Германия — Кыргызстан алакасына 30 жыл толот

Кыска кабар | 31 Окт 2021 | 288 | 0

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германия Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия боюнча өкүлү Маттиас Люттенберг менен Берлин шаарында жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы кызматташтык, 2022-жылы дипломатиялык алака түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын белгилөө шарттары талкууланды.

Мындан тышкары 5-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган «Евробиримдик — Борбор Азия» I экономикалык форумун өткөрүү жагдайлары, ага Германиянын катышуусу, Германия ТИМинин «Жашыл Борбор Азия» демилгесинин алкагында кызматташуу, ноябрь айында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешмесин уюштуруу маселелери каралды.

Ошондой эле Эрлан Абдылдаев ушул жылдын 28-ноябрында боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Кыргызстандын даярдыктарын, коронавирус менен күрөшүүдө жасалып жаткан иштерди айтып берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM