Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 73 адам илдетке чалдыгып, 3 адам каза тапты

Кыска кабар | 31 Окт 2021 | 315 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, 31-октябрга карата 73 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Мунун ичинен 33ү Бишкек шаарынан, 15и Чүй облусунан, үчөө Ош облусунан, 16сы Ысык-Көл облусунан, үчөө Жалал-Абад облусунан, үчөө Баткен облусунан катталган.

Бир суткада 78 бейтап илдеттен айыгып, эмдөө албаган 3 адам көз жумган.

Учурда 723 бейтап стационарларда, 696 бейтап амбулатордук түрдө дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 181 миң 259 адам оору жугузган. Булардын ичинен 175 миң 646 адам сакайып чыгып, 2 миң 671 адам каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM