Биз менен байланышыңыз

БШК: Үч талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 30 Окт 2021 | 2113 | 0

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча катталган 3 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 29-октябрда өткөн жыйналышында шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча талапкерлердин арыздарды карап, аларды эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Төмөнкү талапкерлер арыз беришкен:

Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;

— Ибраимов Санжар Кубанычбекович, №11 Алай шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;

— Мамбеткулов Максатбек Назиржанович, №13 Москва шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM