Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын үч мугалими Тажикстандан сыйлык алышты

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 396 | 0

Учурда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин билим берүү кызматкерлеринин VI съезди өтүп жатат. Ага Кыргызстандан барган өкүлдөр да катышууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү мейкиндиги, анын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык ресурсу» аталышындагы бул иш-чарага мектеп директорлорун, мугалимдерин, жогорку окуу жайдын окутуучу-профессорлорун билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов жетектеп барган.

Съезддин алкагында Нарын облусундагы Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектептин информатика мугалими Н. Макелеева, Бишкек шаарындагы №67 мектеп-гимназиянын информатика мугалими Е. Бережнова, Ош гуманитардык университетинин Лингвистикалык изилдөөлөр борборунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор К. Зулпукаров «КМШ билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды.

Алдыда «педагогикалык чеберчилик» эл аралык фестивалы өтүп, анда «Мыкты мугалим», «Мыкты тарбиячы», «Мыкты психолог/социалдык педагог» номинацияларынын байге ээлери аныкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM