Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын элчилиги япон окуучуларга сабак өттү

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 156 | 0

Бүгүн, 29-октябрда Кыргызстандын Япониядагы элчилиги Токио шаарындагы Акабане мектебинин окуучуларына ачык сабак өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сабак Кыргызстан тууралуу болуп, анда өлкөнүн маданияты, искусствосу, салт-санаасы тааныштырылып, табияты боюнча фото, видео көргөзмө уюштурулду. Ошондой эле тематикалык викторина, кыргыз улуттук оюндары боюнча мелдеш өттү. Мунун алкагында япон окуучулары ордо, жоолук таштамай оюндарынан өз күчтөрүн сынашты.

Элчилик маалымдагандай, ачык сабак япон окуучуларына Кыргызстандын тарыхын жана салттарын тааныштыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM